KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Президент Садыр Жапаров: Сот тутуму ар кыл саясий таасирлерден жана ар кандай тышкы кысымдардан толук түрдө көз карандысыз болушу шарт

05 марта 2025

Бүгүн, 5-мартта Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын судьяларынын 13-Курултайы өтүүдө. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаров катышты.


Өлкө башчысынын сүйлөгөн сөзүнүн тексти:





“Кыргыз Республикасынын судьяларынын 13-Курултайынын урматтуу катышуучулары!



Сот тутуму адилеттүүлүк менен укук тартибин камсыз кылуу аркылуу укуктук мамлекетти өнүктүрүүдө негизги ролду ойноору жалпыбызга жакшы маалым. Кара-Кыргыз автоном облусу түзүлгөндөн тарта мамлекетибиз менен тагдырлаш болуп келаткан сот тутуму өлкөнүн түптөлүшүнө, өнүгүшүнө өз салымын кошуп келүүдө.



Мынакей үч жылда бир өтүүчү бүгүнкү Судьялар курултайы мамлекетте сот бийлигинин өзгөчө ордун айгинелеп турат.



Кыргызстандын сот бийлиги өлкөдө демократиянын негизги таянычы болуп келген жана мындан ары дагы боло бермекчи. Ал мамлекеттин турмушунда мыйзамдуулукту камсыздоо менен жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, саясий система ичиндеги тең салмактуулукту сактоо аркылуу адилетсиздик менен күрөшүүнүн куралы катары негизги ролду ойнойт.



Эзелтен эле биздин ата-бабаларыбыз эң маанилүү мамлекеттик маселелерди талкуулоо үчүн курултайларды өткөрүшкөндө сот адилеттигинин орду бийик турган. Ата-бабалар сот адилеттигин элдин ыйманына, бийлердин абийир-ариетине, жалпы коомдун адеп-ахлагына байланган касиеттүү көрүнүш катары чоң маани беришкен. Ошол мурас муундан-муунга өтүп, бүгүнкү күндө биздин сот системабыздын өзөгүн түздү.





Биз ар дайым Кыргызстандын сот бийлиги мыйзамдуулуктун жана адилеттүүлүктүн башаты болушу керектигин айтып келебиз. Буга жараша сот тутуму ар кыл саясий таасирлерден жана ар кандай тышкы кысымдардан толук түрдө көз карандысыз болушу шарт. Анткени сот бийлиги – коомдогу туруктуулук менен мыйзамдуулуктун кепилдиги!



Ошол эле учурда сот системасынын өзү да ачык-айкын иш алып барууга жана коомчулук алдында жооптуу болууга умтулушу зарыл. Айрыкча сот процесстеринин жана соттук актылардын ачыктыгын жогорулатуу маанилүү. Бул жарандардын сот бийлигине болгон ишенимин бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Биз судьялардан мыйзамдуу, адилеттүү жана негиздүү чечимдерди кабыл алуу менен элдин ишенимин актай турган сот адилеттигин күтөбүз. Эң алды судьялар өз ишинде жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоону негизги принцип катары карманышы керек.





Судьялар курултайынын урматтуу катышуучулары!




Эми мамлекеттин колдоосу аркылуу жетишилген бир катар маанилүү өзгөрүүлөрдүн сот системасын андан ары өнүктүрүүгө кошкон салымы тууралуу учкай кеп кыла кетейин.



Биринчи, буга чейин ротациялоо системасынын киргизилиши оң натыйжаларды бере баштаганын айттык эле. Эми ошол аймактарга которулган судьялар үчүн батирлер курулуп берилип жатат.

Экинчи, өзүңүздөр жакшы билгендей, өткөн жылы судьялардын айлык маянасы 100% жогорулатылган. Бул сот тармагында жогорку квалификациялуу адистер үчүн бир топ эле стимул болду.



Үчүнчү, судьялардын натыйжалуу иштеши жана жарандарды жайлуу шартта кабыл алуусу үчүн бардык талаптарга жооп берген сот имараттары курулуп берилүүдө. Бир катар аймактарда Адилеттүүлүк үйлөрү ачылганы жалпыга белгилүү. Жакынкы убакта Ош шаарында дагы бир Адилеттүүлүк үйүнүн ачылышы пландаштырылууда.



Төртүнчү, сот аткаруучулар менен сот приставдарына жалпы суммасы 200 млн сомду түзгөн, ата мекендик ишкананын өндүрүшүнөн чыккан 101 автоунаа берилди. Келечекте сот бийлигин керектүү атайын техникалар менен камсыздоону улантабыз.



Бешинчи, судьялардын ден соолугуна кам көрүү максатында Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде жайгашкан «Фемида» пансионаты сот системасынын карамагына өткөрүлүп берилди.



Мындай иш-аракеттер менен катар, чечиле элек көйгөйлөрүбүз да бар. Айрыкча, судьяларды турак-жай менен камсыз кылуу бүгүнкү күндө дагы актуалдуу бойдон турат. Судьялардын ак кызмат кылуусуна татыктуу шарттарды түзүү аракеттери улантыларын айта кетейин.





Келечекте сот тутумунун турак-жайга муктаж кызматкерлерин Мамлекеттик ипотекалык компаниянын программаларынын алкагында турак-жай менен камсыз кылуу мерчемдерибиз бар.





Урматтуу судьялар!





Өлкө жетекчилигинин эң маанилүү багыттарынын бири – бул коррупциянын тамырын кыркуу!





Сот тутумундагы коррупция эң биринчи кезекте жалпы журтубуздун мамлекетке болгон ишенимин солгундатарын баса белгилейм. Мына ошондуктан, «Соттун таразасы калыс болсо, элдин ишеними бекем болот» деген учкул сөздү эске алуу менен биз антикоррупциялык мыйзамдарды күчөтүүнүн үстүндөбүз.




Кыргызстандын мыйзамдарына коррупцияга каршы күрөшүү жаатында киргизилип жаткан түзөтүүлөр мамлекеттин коррупцияга каршы күрөшүүгө болгон бекем ниетин көрсөтүп турат. Мунун баары мамлекеттик башкаруу системасындагы жооптуу адамдардын коррупциялык мыйзам бузуу аракеттерин алдын алууга багытталган.





Сиздер, сот бийлигинин өкүлдөрү катары, мен эмне тууралуу айтып жатканымды жакшы түшүнүп турасыздар деп ойлойм. Өлкөбүздө коррупцияга каршы күрөш өтө актуалдуу маселе бойдон калып жатканын эске алуу менен, бул маселени ушул жыйында көтөрүү зарыл деп эсептейм. Жана бул көйгөйгө дыкат көңүл буруп, тиешелүү жыйынтыктарды чыгарасыздар деп ишенем!



Судьялардын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында Тартип комиссиясы түзүлгөн эле. Судьяларды кызматынан бошотуу боюнча статистика, анын ичинде кылмыш иштери жана өз каалоосу менен кызматтан кетүүлөр – сот тутумунун ишинин маңыздуу көрсөткүчтөрүнөн болуп эсептелет.





Судьялардын Курултайы сот тутумунун жогорку органы катары, өнүгүүнүн жаңы багыттарын аныктоо боюнча алгылыктуу, ишке аша турган реалдуу чечимдерди кабыл алышы кажет. Ошондуктан Курултайдын алкагында сот системасына алдыдагы үч жыл ичинде чечилиши керек болгон жаңы милдеттерди коюп жатам.



Таза иш алып барууну камсыздоо жана коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу максатында жаңы судьяларды тандоо системасын тез арада өркүндөтүү зарыл.



Мезгил талабы болгон санариптештирүү маселесинде, тилекке каршы, сот системасы көптөгөн мамлекеттик органдардан артта калууда. Ошондуктан, электрондук сот өндүрүшүн жана маалыматка онлайн жетүүнү тез арада ишке киргизгиле.



Бул багытта:

• Биринчи, документтерди тапшыруунун электрондук системасын киргизүү керек. Бул жарандарыбыздын өлкөнүн булуң-бурчунан борборго келип-кетүүсүнө байланыштуу каржылык жана убакыт чыгымдарын азайтат.

• Экинчи, маалыматтарды автоматташтырылган тартипте иштеп чыгуу механизмин ишке киргизүү керек. Бул болсо тандоо процессин ыкчамдатуу менен бирге, анын тактыгын жана адилеттүүлүгүн камсыз кылат.

• Үчүнчү, Судьялык кызматка талапкерлердин резервин түзүүнү тапшырам. Бул биринчи жолу дайындалган судьялардын кесиптик даярдыгы боюнча көптөгөн маселелерди чечүүгө өбөлгө болот.



Дагы бир айта кете турган жаңылык, Сот адилеттиги системасын өнүктүрүү мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында жеке сот аткаруучулар институту түзүлөт. Учурда Юстиция министрлиги тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгууда.



Сот системасы заман талаптарына ылайык өнүгүшү шарт.





Бул өңүттө судьялардын көз карандысыздыгын бекемдөө, сот адилеттигин арттыруу жана сот органдарынын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындыгын камсыз кылууга багытталган мыйзам демилгелери активдүү түрдө кабыл алынууда.




Конституцияга ылайык, Жогорку Соттун мыйзам чыгаруу демилгесин көтөрүүгө укугу бар. Ошондуктан, бул укукту толук пайдаланып, сунуштарды киргизиңиздер.

«Калыс сот — калың элдин калканы» деген накыл кеп бар элибизде. Андыктан, алдыңыздарга коюлган бул тапшырмалар сот адилеттигин арттырууга, өлкөбүздүн жарандары үчүн калыстыкты камсыз кылууга жана судьялардын иштөө шарттарын жакшыртууга багытталган. Тапшырмалар аткарылып, ийгиликтерге жетишилсе, буюрса, Кыргызстандын сот системасынын өнүгүшүнө күбө болобуз.





Урматтуу судьялар, сот тутумунун кызматкерлери жана бул тармактын кадырлуу ардагерлери!




Сиздерди бүгүнкү Сот тутумунун кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктаймын!




«Күчтүү сот системасы – адилеттүү мамлекеттин пайдубалы». Андыктан, кара кылды как жарган калыстыктан тайбай, тараза ташын тең кармап, акыйкатты туу тутуп, мыйзам үстөмдүгүн сактоо менен ак кызмат кылыңыздар!




Ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү ишиңиздерди ийгиликтер коштосун!




Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө бекем ден соолук, бакутбатчылык каалайм!




Көңүл бурганыңыздар үчүн ыракмат!”.