Нарын облустук сотуна кайрылган жарандарды кабыл алуу ар жуманын дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби күндөрү жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, жергиликтүү райондук, шаардык соттордун төрагалары белгиленген график боюнча жарандарды кабыл алышат.
2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Нарын облустук сотунун төрагасы К. Абдыкадыровдун жеке кабыл алуусуна бүгүнкү күнгө карата 47 жаран кайрылды. Негизинен жарандык, кылмыш жана административдик сот иштерине байланышкан маселелер боюнча кайрылышууда.
Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен биргеликте өткөн жолугушууларда сот тутумуна байланыштуу маселелер боюнча 28 жаран кайрылган. Булардын көпчүлүгү кайрадан Нарын облустук сотунун төрагасынын кабыл алуусунда болушту.
Ошондой эле, 2026-жылдын башынан бүгүнкү күнгө чейин Нарын шаардык сотунун төрагасы 11 жаранды, Нарын административдик сотунун төрагасы 5 жаранды, Нарын райондук сотунун төрагасы 5 жаранды, Ак-Талаа райондук сотунун төрагасы 52 жаранды, Ат-Башы райондук сотунун төрагасы 7 жаранды, Жумгал райондук сотунун төрагасы 18 жаранды, Кочкор райондук сотунун төрагасы 30 жаранды – жалпы 175 жаранды жеке кабыл алып, мыйзамдын алкагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.
Жергиликтүү соттордун төрагаларына кабыл алууга келген жарандар жер, доо арыз менен кайрылуу тартиптери, мурасты кабыл алууга кошумча мөөнөт белгилөө жөнүндө маселелер, ошондой эле, административдик сот өндүрүшүндөгү иштер, юридикалык мааниси бар фактылар ж.б. тууралуу маалыматтарды сурап кайрылышкан.





