Бул тууралуу Кочкор райондук сотунда коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча өткөн жыйында айтылды.
Жыйындын жүрүшүндө Кочкор райондук сотунун төрагасы Өмүрбек Сарыбаев коррупция бул мыйзам бузуу гана эмес, бул – келечекке урулган сокку экендигин айтты.
Ошондой эле, ал өз сөзүндө сот кызматкерлерин мыйзамды так сактоого, кызматтык милдетти таза жана жоопкерчилик менен аткарууга, мыйзамга жат аракеттерден алыс болууга чакырды.
Белгилей кетсек, Нарын облусунун жергиликтүү сотторунда коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу максатында иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүүдө.
Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы










