KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Шералы Камчыбеков Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) миссиясынын мүчөлөрү менен жолукту

03 июля 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 3-июлунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Шералы Камчыбеков жана Жогорку соттун судьясы Айбек Давлетов Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) миссиясынын мүчөлөрү менен жолугушту.



Миссиянын курамында жетекчиси Николас Моллер, башкы юрисконсульт жана улук юрисконсульт Тоби Николас Ангиер Рис болду.




Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар пикир алмашып, банкроттук жана сот тутумуна байланыштуу маселелерди талкуулашты.




Белгилей кетсек, бул иш сапар Азия өнүктүрүү банкынын «Жеке сектор жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору үчүн мыйзамдарды жана саясаттарды иштеп чыгуу» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.




Аталган миссия 2025-жылдын 30-июнунан 4-июлга чейин Кыргыз Республикасында болуп, банкроттук (жөндөмсүздүк) мыйзамдарды реформалоону колдоого багытталган.


Булак: Жогорку Соттун басма сөз кызматы





__________________