Нарын облусундагы судьялар жана сот аппаратынын бөлүм башчылары кеңешмеге видео-конференц байланыш аркылуу катышты.
Жыйындын жүрүшүндө сот тутумун санариптештирүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Атап айтканда, сот процесстерине катышуучуларды автоматтык түрдө кабарлоо функциясы ишке киргизилгени белгиленди.
Эми тараптар соттук отурумдар тууралуу расмий билдирүүлөрдү «Сот» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу түздөн-түз өздөрүнүн мобилдик телефондоруна жана электрондук почталарына ала алышат. Бул жаңылык сот өндүрүшүнүн ачык-айкындуулугун жогорулатууга жана жарандар үчүн ыңгайлуулукту арттырууга багытталган.







