2026-жылдын 10-февралында Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгында коррупциянын алдын алуу жана бирдиктүү салык декларациясын өз убагында жана туура тапшыруу жаатында жыйын өткөрүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө коррупцияга каршы мыйзамдардын талаптары, коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу чаралары жана декларацияны туура, өз убагында тапшыруу боюнча түшүндүрмө берилди.
Эске салсак, бирдиктүү салык декларациясы мамлекеттик кызматкерлердин ишмердүулүгүнүн ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун камсыз кылуунун маанилүү механизми болуп саналат.
Талаптар сакталбаган учурда кызматкер административдик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.









