KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

“Сот адилеттиги - адам тагдырынын таразасы”

21 ноября 2024

Нарын облусунун Кочкор райондук соту 1936-жылы негизделген.




1936-1990-жылдары Кочкор райондук эл соту, 1991-жылдан азыркы учурда Кочкор райондук соту деп аталган.




Адилеттүүлүк ар бир коомдо мыйзамдын үстөмдүгү жана адам укуктарынын сакталышы менен тыгыз байланышкан негизги баалуулук болуп саналат жана акыйкатсыз коомдо туруктуулукту камсыз кылууга жарандардын ишенимин арттыруу мүмкүн эмес.




Кыргызстандын сот системасы – Республиканын Конституциясына жана башка мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында сот адилеттигин жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын тутуму.


Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын аркасында соттун статусун эң жогорку деңгээлге көтөргөн принципиалдуу өзгөрүүлөр болгонун белгилей кетүү керек; бийликтин сот бутагынын көз карандысыздыгын бекемдөө боюнча оң жылыштарга жетишилди. Судьяларды кызматтык жай менен камсыз кылуу, ошондой эле, судьяларды жана сотторду финансылык, материалдык-техникалык жана техникалык жактан камсыз кылууну жакшыртуу, алардын маалыматташтырылышынын деңгээлин жана квалификациясын жогорулатуу маселелери ырааттуу чечилүүдө.

2022-жылы республика боюнча 312 судья ротацияланды; Кочкор райондук сотуна дагы 2 судья ротацияланып, 1 судья Сарыбаев Өмүрбек Рыскулович Ош облусунун Өзгөн райондук сотунан, 2-судья Сыдыгалиева Асел Бабановна Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунан келишти. Бул иш чара менен коррупциялык элементтерди болтурбоого өбөлгө болоорун мезгил көрсөттү.

Жүргүзүлүп жаткан санариптештирүү реформасы онлайн-конференциялар, кеңешмелер, кылмыш иштерин кароо сыяктуу олуттуу натыйжаларды берди, сотко келип түшкөн бардык иштер автоматтык түрдө автоматташтырылган маалыматтык системага катталып, ишти автоматтык түрдө бөлүштүрүүлуп келет. Санариптештирүү процессининин алкагында аудио-видео жаздыруу, видео байкоо, соттордун жана сот процессинин катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо боюнча иш чаралар жургузулуп, бул реформалар соттун ишин бир топ жеңилдетти.


Эгемен Кыргызстанда сот реформасын жүргүзүү учурдун талабы болгон.




Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана сот тутумунун 100 жылдык өнүгүү тарыхы бул мамлекеттик органдын коом үчүн маанисин жана зарылдыгын көрсөттү.

Ошону менен бирге, тарых көрсөткөндөй, мамлекеттик органдар өз доорунун реалдуулугуна жооп бериши үчүн коом аларга жаңы талаптарды коюп жатат. Бул келечектеги тарых сот системасынын алдына койгон талаптарга жооп берүү үчүн Кыргыз Республикасынын сот тутумунун ишмердүүлүгүн тынымсыз өркүндөтүүгө тийиш дегенди билдирет.




Ө.Р.Сарыбаев,

Кочкор райондук сотунун төрагасы.