Кеңешмеге Нарын облустук сотунун судьялары, райондук, шаардык жана административдик соттордун төрагалары катышты. Кеңешменин жүрүшүндө Нарын облустук сотунун төрагасы Куралбек Абдыкадыров күн тартибиндеги маселеге учкай токтолду. Жарым жыл ичиндеги аткарылган иштер боюнча төраганын орун басарлары маалымат берип, аткарылган иштерге салыштырмалуу анализ жасалды.
Соңунда облустук соттун төрагасы К.Абдыкадыров күн тартибиндеги өзөктүү маселелер менен бирге сот адилеттүүлүгүн турмушка ашырууда мыйзам талаптарын так сактоону, коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөөнү, Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатиев тарабынан коюлган бир катар кечиктирилгис милдеттерди өз убагында аткарууга тапшырмаларды берди.