KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Сот аппаратынын кызматкерлерине коррупцияга аралашпоо, этика нормаларын жана мыйзамдуулукту сактоо эскертилди

08 августа 2025

Нарын облустук сотунун төрагасы Куралбек Абдыкадыров сот аппаратынын кызматкерлери менен жыйын өткөрдү.


Өз сөзүндө төрага кызматкерлерге сот ишмердүүлүгүндө коррупцияга аралашууга жол берилбей тургандыгын баса белгиледи. Ошондой эле, сотко келген тараптарга сылык, маданияттуу мамиле кылууну тапшырды.


Өз кезегинде ар бир кызматкер өз функциясын аткарууда мыйзамдуулуктуу жана этика нормаларын сактоого милдеттүү.


Белгилей кетсек, кечээ Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы менен өткөн онлайн кеңешмеде жогоруда аталган маселелер каралып, жер-жерлерде сот адилеттигин орнотууда мыйзамдуулуктун сакталышы боюнча талаптар коюлган.