Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгы 1-ноябрь — Сот департаментинин кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата аталган тармакта эмгектенип, ардактуу эс алууга чыгышкан ардагерлерди куттукташты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгынын башчысы Эмилбек Жунусалиев ардагерлерге ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалап, сыйлыктарды тапшырды.
Белгилей кетсек, сот тутумундагы келип чыккан муктаждыктардан улам, 1994-жылдын 1-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти түзүлгөн. Мекемеге Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген актыларын жана башка мамлекеттик органдардын актыларынын аткарылышын камсыздоо иштери, ошондой эле, жергиликтүү соттордун ишин уюштуруу маселелери жүктөлгөн.



















