KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Нарын облустук сотунун кызматкерлери академик Үсөн Асанов атындагы лицей-жатак мектебинде болушту

30 апреля 2026

Нарын облустук сотунун судьялары жана сот аппаратынын кызматкерлери Нарын шаарындагы Үсөн Асанов атындагы лицей-жатак мектебинин ачык эшиктер күнүнө арналган иш-чараларына катышышты.


Иш-чаралардын алкагында сот кызматкерлери окуучулардын ийримдери менен таанышып, алардын ар кыл өнөрлөрүнө күбө болушту. Окуучуларды билим алууга үндөп, чыгармачылык ийгиликтерди каалашты. Ошондой эле, жатак мектебинин Жумакун кызы Чачыкей жетектеген “Алтын ийне” ийримине кийим тигүү машинкаларын жана тигүү ийримине керектүү кездемелерди менен шаймандарды белекке беришти.


Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары Айзада Исаева белгилегендей, аталган ийримдин ишин алдыга жылдырып, окуучулардын кызыгуусун арттыруу үчүн мындан ары дагы жардамдар көрсөтүлмөкчү.


Ү.Асанов атындагы Нарын облустук жатак мектебинин директору Нурсултан Асанбековдун маалыматына караганда, 155 окуучу аталган мектептин жатаканасында жатып, тарбияланышат. Ал эми демөөрчүлүк жардам окуучулардын бош убактыларын уюштурууга жана кесиптик билимге багыттоого зор өбөлгө түзөт.


Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы.