KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Соттогу жүрүм-турум эрежелери талкууланды

11 апреля 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 11-апрелинде Нарын облусунун административдик соту тарабынан «Сот процессинин катышуучуларынын жана башка адамдардын соттогу жана сот жыйналышындагы жүрүм-турум эрежелери» аталышында тегерек үстөл өткөрүлдү.





Иш-чараны Нарын облустук сотунун судьясы Эмилбек Каипов ачты. Ал өз сөзүндө иш-чаранын максаты менен тааныштырып, өлкө Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгы, Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевдин буйругу менен 2025-жылдын 28-мартынан тартып Нарын облусунун административдик сотунун төрагасы болуп судья Хусанов Айбек Исманалиевич дайындалганын, ошондой эле, аталган соттун судьясы болуп Дыйканбаева Гүлзат Ыдырысовна Бишкек шаарынын административдик сотунан ротация аркылуу которулгандыгын белгилеп, иштерине ийгилик каалап өттү.





 Нарын облусунун административдик сотунун төрагасы Айбек Хусанов «Сот процессинин катышуучуларынын жана башка адамдардын соттогу жана сот жыйналышындагы жүрүм-турум эрежелери» жобосу жөнүндө слайддын коштоосунда кеңири баяндама жасады.





Нарын облустук прокуратурасынын өкүлү Алмаз Тайсалов сот адилеттигин жүргүзүү тартиптин сакталышы менен баштала тургандыгына жана сот тутуму тарабынан тийиштүү шарттар түзүлүп жаткандыгына токтолду.



Өз кезегинде, Нарын шаардык мэриясынын өкүлү Мээрим Таалайбекова, Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Ак-Талаа филиалынын өкүлү Асан уулу Нурсултан ж.б. кызматкерлер аталган маселенин тегерегинде келип чыккан көйгөйлөр тууралуу пикирлерин билдиришти.





 Нарын облусунун административдик сотунун судьясы Гүлзат Дыйканбаева катышуучулардын айрым суроолоруна түшүндүрмө берди.




Мындан тышкары, сот жыйналышында жүрүм-турум эрежелеринин сакталышы боюнча видеороликтер көрсөтүлүп, талкууланды.