Нарын шаардык сотунун судьясы Г. Эрматова шаардагы В.П.Чкалов атындагы мектеп гимназиясынын 8-классынын окуучулары менен жолугушту.
Иш-чара “Мектеп окуучулары арасындагы кылмыштарды, укук бузууларды алдын алуу жана бөгөт коюу” аталышында өткөрүлдү. Иш-чаранын ачылышында судья Г.Эрматова алгач Нарын шаардык сотунун ишмердүүлүгү тууралуу маалымдап өттү. Ошондой эле, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук – бул коомдогу актуалдуу маселелердин бири экендигине токтолуп, кеңири түшүндүрмө берди.
Мындан тышкары, окуучулар менен жолугушууда Нарын шаарынын прокурорунун жардамчысы М.Жалилов, Нарын райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлү Г.Султаналиева, Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин иши боюнча улук аймактык тескөөчүсү, милициянын капитаны К.Нурманбетов Нарын шаарында жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө жаатында аткарылып жаткан иштер, кылмыштуулукту алдын алуу боюнча маалыматтары менен бөлүшүштү.
Окуучуларга балдардын укугу бузулган учурда 111 ишеним телефондору аркылуу байланышуу керектиги айтылды.
Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы.