15-февраль Ооган ардагерлери үчүн өзгөчө күн. Бул күнү Ооганстандан советтик аскерлер чыгарылган. Ооган согушуна катышкан жоокерлердин катарында Бактыбек Кетиренов дагы аскердик кызматын татыктуу өтөп келген.
Нарын облустук сотунун төрагасы Куралбек Абдыкадыров Нарын облустук сотунун судьясы, Ооган согушунун ардагери Бактыбек Кетиреновго аскердик кызматын өтөөдөгү көрсөткөн эрдиги, ак ниет кызматы үчүн Жогорку соттун Алкыш баракчасын тапшырды.
Облустук соттун төрагасы ардагерди куттуктап, Ооган согушуна катышкан жоокерлердин каармандыгы жана алардын эрдиктери жаштар үчүн үлгү экендигин баса белгилеп, жылуу каалоо-тилектерин билдирди.
Ошондой эле, Нарын облустук сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери Бакытбек Кетиреновго каалоо-тилектерин жолдошту.
Эске салсак, 15-февраль Советтик Аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнүн 37 жылдыгынын урматына Кыргыз Республикасынын сот тутумунун төрт өкүлүнө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын Алкышы жарыяланган.
Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы.
















