KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Судьянын кеңеши Эң бийик баалуулук адам, анын укуктары жана эркиндиги

30 сентября 2024

Тергөө судьясы адамдын укуктары менен эркиндигин сот өндүрүшүнө чейин көзөмөлдөйт. Тергөө судьясынын милдеттери жана укуктары кандай? Бул тууралуу Нарын шаардык сотунун судьясы Д.А.Суханбердиев маалымат берди.


Кыргызстанда адамдын укуктары менен эркиндигин сот өндүрүшүнө чейин көзөмөлдөй турган атайын судьянын кызматы пайда болду, Судьянын мындай жаңы институту “тергөө судьясы” деп аталат.

Тергөө судьясы — айыпталуучунун укуктарын жана эркиндиктерин чектөөчү чараларды колдонуучу, алгачкы текшерүү органынын кызмат адамынын, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, прокурордун аракеттеринин (аракетсиздигинин) жана чечимдеринин мыйзамдуулугуна соттук контролду жүзөгө ашыруучу судья.

Сотко чейинки өндүрүштө соттук контролду тергөө судьясы жалгыз жүргүзөт. Ошондой эле, тергөө судьясы жеке аныктама чыгарат — бул иш боюнча иш-аракетти талап кылган мыйзам бузуу фактыларына прокурордун көңүлүн бурган чечим.

Мыйзам үстөмдүгүнүн принциби: эң бийик баалуулук адам, анын укуктары жана эркиндиги болуп саналат. Айыпталуучунун укуктарын жана эркиндиктерин чектөөчү чараларды колдонуучу, алгачкы текшерүү органынын кызмат адамынын, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, прокурордун аракеттеринин (аракетсиздигинин) жана чечимдеринин мыйзамдуулугуна соттук контролду тергөө судьясы жүзөгө ашырат.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык, тергөө судьясы сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө:

• Кылмыш жасаганга шектүү адамды кармоонун мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү жөнүндө;

• күрөө, үй камагы, экстрадициялык камак, камакка алуу, электрондук байкоо жүргүзүү түрүндө бөгөт коюу чараларын колдонуу жөнүндө;

• бөгөт коюу чарасынын мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө;

• бөгөт коюу чараларын өзгөртүү жөнүндө;

• тиешелүү экспертизаларды жүргүзүү үчүн камакта турбаган айыпталуучуну медициналык же психиатриялык стационарга жайгаштыруу жөнүндө;

• жеке жана юридикалык жактардын эсептеринде жана аманаттарында же банктарда жана кредиттик уюмдарда сактоодо турган акчалай каражаттарын кошуп алганда, мүлкүнө, баалуу кагаздарына жана алардын сертификаттарына камак салуу жөнүндө;

• айыпталуучуну кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө;

• каза болгон адамдын жакын туугандарынын, жубайынын макулдугу болбогондо, эксгумация жүргүзүү жөнүндө;

• анда жашап турган адамдардын менчигинде турган турак жайды, ошондой эле башка укуктарындагы башка объекттерди, алардын макулдугу болбогондо кароо жүргүзүү жөнүндө;

• алып коюуну жана (же) тинтүүнү жүргүзүү жөнүндө;

• Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 237-239-беренелеринде көрсөтүлгөн атайын тергөө аракеттерин кошпогондо, ушул Кодексте каралган атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө чечимдерди кабыл алганга укуктуу.

Тергөө судьясы соттук контролдоону жүзөгө ашыруунун алкактарында алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн, прокурордун, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин аракеттерине (аракетсиздигине) жана чечимдерине карата кылмыш-жаза сот өндүрүшүн катышуучуларынын даттанууларын карайт.

Мындан тышкары, тергөөнүн жүрүшүндө тараптардын биринин өтүнмөсү боюнча күбөнүн же жабырлануучунун көрсөтмөлөрүн депонирлейт.

Мисалы, жабырлануучу же күбө болгон адамдардын көрсөтмөлөрү, адам өлтүрүү (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси), зордуктоо (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси), кылмыш иштери боюнча сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси), сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренеси), ыплас аракеттери (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси), психо-травматикалык таасирлерди болтурбоо үчүн сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө соттук отурумда суракка алынып алардын көрсөтмөлөрү депонирлениши мүмкүн.

Эгерде айыпталуучу Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 112-беренесинин 6-бөлүгүндө каралган бузуулардын бирине жол берген учурларда күрөөнү мамлекеттин пайдасына алуу тууралуу маселени чечет. Күбөлөргө, жабырлануучуларга жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларына карата коопсуздукту камсыз кылуу чараларын колдонуу жөнүндө чечим кабыл алат. Күнөөсүн мойнуна алуу жөнүндө процессуалдык макулдашууну бекитет.

Тергөө судьясы тарабынан ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун жалпы шарттары:

Кылмыш-жаза процессуалдык Кодексте каралган учурларды кошпогондо, тергөө судьясы анын ыйгарым укуктарына кирген маселелерди жабык соттук отурумда жеке өзү карайт.

Тергөө судьясынын ыйгарым укуктарына кирген маселелерди кароонун мөөнөттөрү ушул Кодекс менен аныкталат.

Тергөө судьясы сотко чейинки өндүрүштүн бардык материалдары менен таанышууга, зарыл болгондо кошумча материалдарды талап кылууга укуктуу.

Тергөө судьясы анын ыйгарым укуктарына кирген маселелерди кароонун жыйынтыктары боюнча ушул Кодекстин 304-беренесине ылайык токтом чыгарат.

Тергөө судьясынын токтому мыйзамдуу күчүнө токтоосуз кирет жана милдеттүү аткарылууга жатат. Ушул Кодексте каралган учурларда тергөө судьясынын токтому апелляциялык жана кассациялык тартипте даттанылышы мүмкүн жана анын аткарылышын токтотпойт.

Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын тергөө судьясынын атына жазган өтүнүчү жана тергөө судьясынын токтомдору электрондук кол коюлган документ формасында даярдалышы мүмкүн. Өтүнүчкө электрондук кол коюлган документ, электрондук документ же электрондук сүрөт формасында документтер тиркелиши мүмкүн.

Атайын тергөө аракетин жүргүзүү жөнүндө тергөө судьясынын токтому аны даярдоого карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган жалпы талаптарга жооп берүүгө, ошондой эле төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

• атайын тергөө аракеттери жүргүзүүнү өтүнгөн тергөөчү жөнүндө;

• чечим кабыл алынган сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу кылмыштын жагдайларын кыскача баяндоо;

• тиешелүү болгон адам (дар), жер же нерсе жөнүндө атайын тергөө аракетин жүргүзүү зарыл;

• жүргүзүлүүгө тийиш болгон атайын тергөө иш-аракеттеринин түрү (түрлөрү);

• токтомдун колдонуу мөөнөтү.

Кошумча материалдарды суроо зарыл болгон учурда арызды белгиленген мөөнөттөн ашык, бирок 72 сааттан ашык эмес кароого жол берилет.

Тергөө судьясынын атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндө токтомду кабыл алуусу мындай уруксат берүү жөнүндө жаңы өтүнүчтү кайталап берүүгө тоскоолдук кылбайт.

Тергөө судьясы тарабынан атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө кабыл алынган токтомдун колдонуу мөөнөтү ал чыгарылган күндөн тартып күн менен эсептелет жана 2 айдан ашпоого тийиш.

Токтомдун колдонуу мөөнөтүн узартуу зарыл болгон учурда тергөө судьясы жаңыдан берилген материалдардын негизинде токтом чыгарат.

Тергөө судьясынын тергөө же атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндө токтому даттанууга жатпайт.

Тергөө судьясынын тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө токтомуна апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.

Тергөө судьясынын кылмыш ишти мааниси боюнча кароого жана чечүүгө эч кандай тиешеси болбойт, башкача айтканда айыпталуучунун күнөөлүү же күнөөлүү эместиги боюнча чечим кабыл албайт.

Тергөө судьясынын чечимине даттануу анын аткарылышын токтотпойт. Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча кабыл алынган апелляциялык инстанциянын чечими даттанууга жатпайт.

Тергөө судьясы деген түшүнүк Кыргыз Республикасынын КЖПКсында тергөө мүнөзүндө эмес, айрыкча соттук мүнөзгө ээ, башкача айтканда тергөө судьясы кай бир мамлекеттердегидей (Франция, Бельгия, Швейцария, Испания ж.б) кылмыштар боюнча сотко чейинки тергөө жүргүзбөйт. Аталган мамлекеттерде тергөө судьясы деген аталыш сотко чейинки тергөө жүргүзүүчү катары колдонулат. Аталган мамлекеттерде ал тергөө судьясы эмес соттук тергөөчү болуп саналат.

Тергөө судьясы кызматы бир катар чет өлкөлөрдүн, айталы, Италиянын, Франциянын, Германиянын, Казакстандын, Украинанын жана башка өлкөлөрдүн соттук тажрыйбаларында колдонулат. Германияда алдын-ала тергөө судьясы деп аталса, Францияда алдын-ала камоо жана укуктар боюнча судья, Италияда алдын-ала иликтөө боюнча судья деп аталат.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндөгү конституциялык мыйзамдын негизинде тергөө судьясы судьянын статусуна ээлик кылат. Ал соттук бийликтин ээси, анын ыйгарым укуктарынын алкагында кабыл алган процесстик чечимдери тийиштүү болгон бардык мамлекеттик органдар, кызмат адамдары жана жарандар үчүн милдеттүү аткарууга жатат.


Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы тарабынан даярдалды.


 


<a href=»http://admin-naryn.sot.kg/?attachment_id=1558″ rel=»attachment wp-att-1558″><img src=»http://admin-naryn.sot.kg/public/sites/18/2024/09/072ffe985dceeea033b15691e6854872-250×172.jpeg» alt=»» width=»250″ height=»172″ class=»alignnone size-medium wp-image-1558″ /></a>