Жарандар онлайн сурамжылоого катышуу менен сот кызматкерлеринин мамилеси, сот процесстеринин жүрүшү, сот актыларынын түшүнүктүүлүгү ж.б. маселелер боюнча пикирин билдирип, сот ишмердүүлүгүн жакшыртууга салым кошо алышат.
Онлайн-сурамжылоодо ачыкка чыккан кемчиликтер талданып, жетишкендиктер кубатталып, тийиштүү чаралар көрүлөт.
Нарын облусу боюнча QR код аркылуу сурамжылоо тактачалары:
Нарын облустук сотунун имаратында;
Нарын облусунун Административдик сотунун имаратында;
Нарын шаардык сотунун имаратында;Нарын райондук сотунун имаратында;
Ат-Башы райондук сотунун имаратында;
Ак-Талаа райондук сотунун имаратында;
Жумгал райондук сотунун имаратында;
Кочкор райондук сотунун имаратында орнотулган.
QR-код аркылуу сурамжылоодо сот процессинин жүрүшүнө, тараптарга жасалган орой мамилелерге жана сот актыларын түшүнүү даражасына байланыштуу суроолор камтылган. Онлайн-сурамжылоодо ачыкка чыккан кемчиликтер талданып, соттордун ишмердүүлүгүн жүргүзүүнү жакшыртуунун үстүндө иштөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.





