2025-жылдын 4-октябрында Ош шаарында Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлеринин арасында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасынын кичи-футбол боюнча кубогу өткөрүлдү.
Спорттук мелдеште жалпысынан 8 команда ат салышып, алар кызыктуу оюн көрсөтө алышты. Ар бир команда футбол боюнча өздөрүнүн мыкты даярдыгын көрсөтүшүп, турнир башынан аягына чейин өтө курч атаандаштыкта өттү.
Жыйынтыгында мыкты деп табылган 4 командага кубок, диплом жана грамоталар тапшырылды.
Биринчи орун Төраганын кубогу менен Бишкек шаардык сотунун судьялары сыйланышса, экинчи орунду Баткен облустук соту алышты. Ал эми үчүнчү орунга Ысык-Көл облустук сотунун командасы, төртүнчү орунга Жалал-Абад облустук соту татыктуу болду.
Ошондой эле, турнирдин жыйынтыгында “Мыкты дарбазачы”, “Мыкты оюнчу”, “Мыкты чабуулчу”, “Мыкты коргоочу” номинациялары боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.
Кийинки кезектеги Төраганын өтмө кубогу Нарын облусунун сотторуна ыйгарылды