Ак-Талаа райондук сотунун аппарат кызматкерлери айлана-тегеректи тазалоо жана көрктөндүрүү максатында ишембиликке чыгышты. Ишембиликте соттун имаратынын айланасы тазаланып, таштандылар чыгарылып, дарактар буталып, иретке келтирилди.
Кызматкерлердин айтымында, «Ишембиликтерди өткөрүү айлананы тазалоо гана эмес, бул — коомдук жигерди жогорулатуунун жакшы ыкмасы, коомдук маанилүү ишке активдүү катышуу, ошондой эле, баарлашуу, жакшы жана жагымдуу маанай».
Эске салсак, аталган иш-чара райондук соттун имаратынын айланасынын санитардык-экологиялык абалын жакшыртуу максатында ар жума сайын өткөрүлүүдө.