Сот аппаратынын кызматкерлеринин күнүмдүк иши сот ишмердүүлүгүн уюштуруучулук жана техникалык жактан камсыз кылууну көздөгөн кеңири өңүттөгү милдеттерди өз ичине камтыйт.
Кызматкерлер документтерди кабыл алуу жана жөнөтүү, иш кагаздарын жүргүзүү, сот процесстерин уюштуруу иштерин жүргүзүшөт.
Сот отурумдарынын катышуучуларынын өз ара аракет этишүүсүн, ошондой эле, судьялардын жана соттордун ишин камсыздашат.
_______