Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан уюштурулган “Коопсуздукту сактоо-ар бир жарандын милдети” аталышындагы форумда айтылды.
Форумга Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары К.С.Исажанов катышып, өз баяндамасында республикалык, облустук жана жергиликтүү деңгээлдерде өлкөнүн жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштуулуктун алдын алуу жаатында мамлекеттин саясаты ийгиликтүү ишке ашырылып жаткандыгына токтолду.
К.С.Исажанов: “Укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат жүзөгө ашырылган принциптердин бири, бул — мыйзамдуулук. Нарын облустук соту облус аймагында сот адилеттигин ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ченемдик-укуктук актыларды жетекчиликке алат” – деген пикирин билдирди.
Ошондой эле, сот ишинде жеке маалыматтарды коргоонун жогорку деңгээлин камсыз кылуу максатында облустук жана жергиликтүү соттор санариптик технологиялар менен жабдылып, АИС программасынын негизинде иш жүргүзүлүп, коомчулук үчүн “Санариптик сот адилеттиги” порталы иштеп жаткандыгын маалымдады.
Белгилей кетсек, 2022–2028-жылдарга карата кабыл алынган укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери
жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талабы болуп саналат.