Жогорку сотунун мурдагы төрагасы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Мамадияр Исабаев дүйнө салды.
Кыргыз Республикасынын сот системасы жана Сот тутумунун ардагерлер кеңеши белгилүү юрист, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун мурдагы төрагасы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Исабаев Мамадияр Исламовичтин узакка созулган оорудан улам дүйнө салганына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, туугандарына, жакындарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Мамадияр Исламович 1952-жылдын 15-апрелинде Ош облусунун Ноокат районунун Кеңеш айылында туулган. 1967-1971-жылдарда Жалал-Абад шаарындагы педагогикалык окуу жайында окуган. Эмгек жолун 1971-71-жылдары башталгыч мектепте мугалим болуу менен баштаган. 1972-74-жылдары армияда кызмат өтөп, 1974-79-жылдардын аралыгында Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридика факультетинде окуп, аны артыкчылык диплом менен бүтүргөн. 1979-1984-жылдары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде консультант, Ош областтык юстиция бөлүгүндө улук консультант, Ош облустук сотунда мүчө болуп иштеген.
М.Исабаев 1984-жылдан Таш-Көмүр шаардык сотунда төрага, 1987-1991-жылдарда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда мүчө, 1991-1995-жылдар аралыгында Жалал-Абад облустук сотунда төрага болуп иштеген.
1995-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы кызматына дайындалып, бул кызматтан 1998-жылы ден соолугуна байланыштуу бошотулган.
2002-2010-жылдары Кыргыз Ренспубликасынын Контситуциялык сотунун аппаратанын кодификация жана маалымат менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Ардак грамотасы, “Манас эпосуна 1000 жыл” медалы жана көптөгөн ведомстволук баалуу сыйлыктарга ээ болгон.
Мамадияр Исламович өз ишине берилген, жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүгү, адилеттүүлүгү жана адамгерчилиги менен элинин жүрөгүндө орун тапкан инсан болгон.
Мамадияр Исламовичтин жаркын элеси жана басып өткөн даңазалуу жолу биздин жүрөгүбүздө түбөлүк сакталып калат.
Сот системасы бул орду толгус жоготуунун азасын тең бөлүшөт.