Сотко мамлекеттик мекеме болгондуктан жүрүм-турум эрежелерин жана кийим кийүү тартиптерин (дресс-кодду) сактоо талап кылат.
Сот имаратына:
— сууга түшүүчү кийим жана бут кийимде;
— өтө ачык кийимде (жылаңач ийиндер, терең моюн сызыктар, мини-юбка)
— кийимде, бут кийимде, аксессуарларда, адамдын кадыр-баркына шек келтирген же коомго жана сотко ачыктан-ачык урмат көрсөтпөгөн жазуулар, сүрөттөр тартылган болсо, келүү сунушталбайт.
Имарат ичинде эркектер (улуттук баш кийимдерден башка) баш кийимдерин чечүүгө милдеттүү.
Алкоголдук, наркотикалык же токсикалык мас абалындагы адамдарга соттун имаратына кирүүгө тыюу салынат!