KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Нарын облусунун административдик сотунда Пленумдун токтомдорун талкуулоо боюнча тегерек үстөл өткөрүлдү

03 апреля 2026

Нарын облусунун административдик сотунда 2025-жыл ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму тарабынан жаңы кабыл алынган токтомдору, ошондой эле, ревизиянын жыйынтыгы боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген Пленумдун токтомдору талкууланды.


Иш-чарага Нарын облустук сотунун судьялары катышышты.


Жыйындын жүрүшүндө Нарын облустук сотунун төрагасынын административдик иштер боюнча орун басары Гулбара Кудабаева, Нарын облусунун Административдик сотунун төрагасы Айбек Хусанов 2025-жылы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму жөнүндө баяндама жасашты.


Ошондой эле, жаңы кабыл алынган Пленум токтомдорунун мазмуну жана алардын укуктук мааниси жөнүндө аталган соттун судьясы Гүлзат Дыйканбаева маалымат берди.


Нарын облустук сотунун төрагасынын жазык иштери жана укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча орун басары Шарипбек Жунусов, судья Эркин Дуйшеев пленумдун токтомдорунун ишке ашырылышы боюнча өз ойлорун ортого салышты.


Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы