Аксакалдар сотторунун өкүлдөрү менен жолугушууга Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары Гүлбара Кудабаева, Ат-Башы райондук сотунун төрагасы Улан Шерипов, Ат-Башы райондук сотунун судьясы Гайратбек Абдисаматов, ошондой эле, айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү катышты.
Тегерек үстөлдүн жүрүшүндө катышуучулар аксакалдар сотторунун ишинде орун алган маселелер жана кемчиликтерди талкуулап, аларды түзөтүү жолдорун сунуш кылышты,
мындан тышкары, алардын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана аталган органдардын ортосундагы өз ара аракеттешүүнү бекемдөө жөнүндө маселелерди карашты.
Судьялар катышуучуларга 2024-жылдын 19-февралында кабыл алынган Аксакалдар соттору жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарына түшүндүрмө беришти.
Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары Гүлбара Кудабаева азыркы мезгилде өз ара талаш-тартыштарды чечүүдөгү аксакалдар сотторунун орду маанилүү экендигин баса белгиледи.
Ал өз сөзүндө аксакалдар соттору ыктыярдуу негизде, шайлануунун жана өз алдынча башкаруунун негизинде түзүлүүчү, тийиштүү Мыйзамда белгиленген тартипте жана учурларда жарандардын, жарандар менен юридикалык жактардын ортосундагы талаш-тартыштар жөнүндө материалдарды кароону жүзөгө ашырууга чакырылган коомдук орган экендигин белгилеп өттү.
Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамына ылайык, аксакалдар сотторунун негизги милдеттери болуп:
жарандардын бузулган же талашылып жаткан укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо же аларды жараштыруу,
мыйзамдуулукту бекемдөөгө көмөктөшүү, укук тартибин камсыз кылуу жана укук бузуулардын алдын алуу,
ошондой эле, социалдык чыр-чатактарды алардын пайда болушунун баштапкы этабында жоюу,
жарандарды мыйзамдарды, моралдын ченемдерин, адеп-ахлакты, Кыргыз Республикасынын элинин мыйзамдарга карама-каршы келбеген үрп-адаттарын жана салттарын урматтоого тарбиялоо болуп саналат.
Ат-Башы райондук сотунун төрагасы Улан Шерипов соттордун ишинин натыйжалуулугу алар кабыл алган чечимдердин аткарылышынан көз каранды экендигин белгилеп, чечимдерди чыгарууда мыйзамдын нормаларын так сактоо зарылдыгын баса көрсөттү.
Ат-Башы райондук сотунун судьясы Гайратбек Абдисаматов сот органдары маселелерди чечүүдө өздөрүнүн компетенциясынын чегинде көмөк көрсөтүүгө ар убакта даяр экендигин кошумчалады.
Ат-Башы районундагы Кара-Суу айыл аймагынын Калинин айылдык сотунун төрайымы Бурул Кабылова айылдык соттордун ишинин натыйжалуулугун жакшыртууда жергиликтүү бийлик органдары, асыресе, айыл өкмөттөрү менен тыгыз кызматташуунун зарылдыгын айтты.
Ошондой эле, ал аксакалдар сотторунун төрагалары жана мүчөлөрүнүн дээрлик көпчүлүгү кесипкөй юрист болушпагандыктан, райондук соттор тарабынан комплекстүү консультативдик көмөк көрсөтүү өзгөчө маанилүү экендигин баса белгиледи.
Иш-чаранын катышуучулары судьяларга жыйынды өткөрүү демилгеси үчүн ыраазычылык билдиришип, келечекте жолугушууну кеңири форматта уюштурууну сунуш кылышты.
Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы.