Иш-чарага Ат-Башы айылындагы Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектебинин окуучулары катышты. Окуучуларга Ат-Башы райондук сотунун төрагасы Улан Шерипов, судья Гайратбек Абдисаматов жана бөлүм башчысы Райхангул Сламова маалымат беришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, зордук-зомбулукка жол бербөө, ошондой эле психотроптук заттарды колдонбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Окуучулар менен ачык форматта маектешүү өтүп, суроо-жооп уюштурулду.
Мындан тышкары, мектеп окуучулары соттун имараты менен таанышып, сот системасынын ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат алышты. Алар өздөрүн кызыктырган ар кандай суроолоруна жооп алып, иш-чарадан пайдалуу маалыматтарга ээ болушту.
Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы
_________________________________











