Булардын ичинен: Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен биргеликте өткөн жолугушууларда сот тутумуна байланыштуу маселелер боюнча 28 жарандын кайрылуусуна Нарын облустук сотунун төрагасы Куралбек Абдыкадыров жооп берди. Булардын ичинен Нарын шаары боюнча 4 адам, Ак-Талаа району боюнча 1 адам, Ат-Башы району боюнча 5 адам, Жумгал району боюнча 7 адам, Нарын району боюнча 6 адам; Кочкор району боюнча 1 адам кайрылып, жооп алышты. 4 суроо административдик иштер боюнча берилди.
Ал эми Президент С.Жапаровдун жергиликтүү эл менен жолугушууларында 36 жаран сот маселелерине тийиштүү суроолор менен кайрылышып, Жогорку соттун төрагасынын орун басары Ш.Камчыбековдон жооп алышты.
Жогорку соттун төрагасынын орун басарына Нарын шаары боюнча 3 адам; Ак-Талаа району боюнча 9 адам; Ат-Башы району боюнча 1 адам; Жумгал району боюнча 5 адам; Нарын району боюнча 2 адам, Кочкор району боюнча 4 адам кайрылып, мыйзамдын алкагында жооп алышты. Ошондой эле, берилген суроолордун ичинен 12 суроо административдик иштер боюнча болду.
Суроолордун көпчүлүгү жер маселелерине, кылмыш-жаза иштерине байланыштуу суроолор болду.
Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы







