KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Кыргызстанда мамлекеттик алымды онлайн төлөө мүмкүнчүлүгү ишке киргизилди

23 апреля 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 23-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нургуль Бакированын катышуусунда «Мамлекеттик алымды онлайн төлөө» системасынын пилоттук режимде ишке кириши боюнча презентация болуп өттү.




Иш-чараны Жогорку соттун судьясы Инара Гилязетдинова башында турган жумушчу топтун өкүлдөрү өткөрүштү. Ага судьялар, Жогорку соттун Аппаратынын маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысы Алис Ибраимов, “Адилет сот” маалыматтык технологиялар мекемесинин директору Бек Иманалиев, ошондой эле жергиликтүү соттордун канцелярия башчылары видеоконференц байланыш аркылуу катышышты.




Өз сөзүндө Нургуль Бакирова жаңы санариптик кызмат жарандарга сотко же банкка барбастан, үйдөн же иш ордунан туруп эле мамлекеттик алымды төлөөгө мүмкүнчүлүк түзөрүн айтты.




«Эми банкка же сотко баруунун кереги жок. Төлөмдү каалаган убакта мобилдик тиркемелер аркылуу жүргүзсө болот. Бул жарандар үчүн абдан ыңгайлуу болот», — деп баса белгиледи Нургуль Бакирова.




Сервис Жогорку соттун алдындагы Суд департаментинин «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемеси тарабынан иштелип чыгып, Финансы министрлиги, мамлекеттик жана жеке банктар менен кызматташтыкта ишке ашырылып жатат.




Азыркы учурда система «Элдик» мобилдик тиркемеси менен иштеп жатат. Жакынкы күндөрү ага «МБанк», «Бакай Банк» жана башка банктар да кошулат.

Мындан тышкары, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн Жогорку соттун sot.kg расмий сайтына мамлекеттик алымды эсептөөчү онлайн-калькулятор жайгаштырылган. Анын жардамы менен арыздын түрүнө жараша төлөнө турган алымдын көлөмүн алдын ала эсептеп алууга болот.




Эскерте кетсек, мамлекеттик алым — бул сотко кайрылууда, юридикалык мааниге ээ документтерди алууда же башка юридикалык аракеттерди жасоодо төлөнүүчү милдеттүү төлөм. Аны жеке адамдар да, юридикалык жактар да төлөшөт.