KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Нарын облусунда жергиликтүү бийлик эл менен жолугушууда

11 мая 2026

Жергиликтүү бийликтин жетекчилери Нарын облусунун тургундары менен жолугушуп, көпчүлүктүн көйгөйлөрүн жеринде угушууда.




Нарын облустук сотунун төрагасы Куралбек Абдыкадыров дагы облус тургундары менен жолугушууга катышып жатат.




Бүгүн, 2026-жылдын 11-майында алгачкы жолугушуу Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл өкмөтүнүн Жаңы-Талап айылындагы маданият үйүндө өткөрүлдү.




Ошондой эле, бүгүн саат 15.00до Ат-Башы районунун тургундары менен Чатыр-Көл кинотеатрынын залында ушундай эле жолугушуу болмокчу.




Иш-чараларга жергиликтүү райондук соттордун жетекчилери дагы катышышат.




Белгилей кетсек, иш-чаралар Нарын облусу боюнча жалпы 27 айыл өкмөтүндө жана Нарын шаарында өтөт.




Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы