KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Нарын облусунда жергиликтүү бийликтин эл менен жолугушуулары уланууда. Кезектеги жолугушуу Кочкор районунун Ормон Хан айыл жана Кум-Добо аймактарында өткөрүлдү

26 мая 2026

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров, облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Нарын облустук сотунун төрагасы Куралбек Абдыкадыров катышты.


Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү тургундар аймактагы бир катар көйгөйлөрдү көтөрүштү. Тактап айтканда, ичүүчү таза суу маселеси, жер жана жайыт тартыштыгы, ички жолдордун абалы, ошондой эле инфраструктура жана социалдык багыттагы маселелер боюнча сунуш-пикирлер айтылды.


Нарын облустук сотунун төрагасы Куралбек Абдыкадыров жарандардын сот тармагына байланышкан суроолоруна жооп берип, кайрылууларын жана арыз-даттанууларын кабыл алды.


Белгиленгендей, Кочкор районунун башка айыл аймактарында дагы эл менен жолугушуулар жакынкы күндөрү улантылат.


Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы