Нарын шаардык сотунда жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана сот тутумунун ишмердүүлүгү менен жакындан тааныштыруу максатында “Ачык эшиктер күнү” уюштурулду.
Иш-чарага Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Нарын шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинин юриспруденция багытында билим алып жаткан студенттери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Нарын шаардык сотунун судьясы Д.Суханбердиев студенттерге сот тутумунун ишмердүүлүгү, судьялардын жана сот аппаратынын аткарган милдеттери, жарандардын укуктарын коргоодогу сот адилеттигинин ролу тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле сот өндүрүшүнүн негизги принциптери, сот отурумдарын өткөрүүнүн тартиби жана сот тутумунда жүргүзүлүп жаткан санариптештирүү иштери тууралуу да айтып өттү.
Мындан сырткары, студенттер сот имараты менен таанышып, сот залдарын көрүп чыгышты. Жолугушуунун жүрүшүндө алар өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, сот тармагындагы кесиптик ишмердүүлүк тууралуу пайдалуу маалыматтарды алышты.
Иш-чаранын соңунда студенттер сот өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, мындай жолугушуулар келечектеги юристтер үчүн чоң тажрыйба жана мотивация болоорун белгилешти.
Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы


















