KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда Пленумдун отуруму болуп өттү

07 ноября 2025

Пленумга Жогорку Соттун судьялары, жергиликтүү соттордун судьялары, анын ичинде Нарын облустук сотунун судьялары онлайн форматта катышышты.


Пленумда «Баңгизат каражаттарын, психотроптук, күчтүү таасир этүүчү жана уулуу заттарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө иштер боюнча соттук тажрыйба жөнүндө» жана «Эмгектик укуктук мамилелерден келип чыккан талаштар боюнча жарандык иштерди сот тарабынан кароо практикасы жөнүндө» маселелер каралды.




Биринчи маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы Тыныбек Бекешов баяндама жасады.




Анын айтымында, сунушталып жаткан Пленумунун токтомунун долбоору баңгизаттардын жана психотроптук каражаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү менен байланышкан иштер боюнча бирдей соттук практиканы калыптандырууда өзгөчө мааниге ээ. Аталган маселе боюнча Бишкек шаардык сотунун судьясы Бекболот Джаналиев кошумча баяндама кылды.




Ошондой эле, экинчи маселе боюнча «Эмгектик укуктук мамилелерден келип чыккан талаштар боюнча жарандык иштерди сот тарабынан кароо практикасы жөнүндө» маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы Аида Сейдакматова баяндама жасады.




Ал өз сөзүндө жергиликтүү соттор тарабынан аталган категориядагы жарандык иштерди кароодо мыйзамдын бирдиктүү колдонулушу, соттук практика жана тажрыйбанын тийиштүү мыйзам ченемдеринин талаптарына жооп беришин көзөмөлдөп, эмгектик укуктук мамилелерден келип чыккан талаштар боюнча айрым мүчүлүштүктөрдү жөнгө салуу максатында жана 23 январь 2025-жылы Кыргыз Республикасынын жаңы Эмгек кодесинин кабыл алынышы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун пленуму тарабынан каралып жаткан токтомдун долбоору иштелип чыкканын белгиледи.






Ал эми кошумча баяндама менен жогорудагы маселе боюнча Бишкек шаардык сотунун судьясы Эльмира Барыктабасова жана Чүй облустук сотунун судьясы Айнура Сатараова чыгышты.




Токтом долбоорлору талкууланып, алардын мазмунуна байланыштуу сунуштар айтылып, андан соң редакциялык коллегиялар түзүлдү.




Талкуунун жыйынтыгында токтом долбоорлору көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.