Кочкор райондук сотунун кызматкерлери ооруктун ардагери 95 жаштагы Күрүчбек Асановдон кабар алышты. Ошондой эле, эмгек ардагерине аталган соттун кызматкерлеринин атынан акчалай жардам көрсөтүлүп, жылуу каалоо-тилектер айтылды.
Күрүчбек Асанов учурда Кара-Саз айылында жашап, балдарынын төрүндө сыйлуу карылыктын доорун сүрүүдө.
Эске салсак, саамалык Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына карата уюштурулду.
Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы.






