Жаратылышка, жаныбарларга аяр мамиле жасоо, аларды коргоо -жалпыбыздын милдетибиз. Ошого карабастан айрым учурларда жаныбарларга ырайымсыз мамиле жасалган көрүнүштөргө туш болобуз. Айрыкча, кээ бир адамдардын кыш мезгилинде жырткыч жаныбарларды атып, алардын сүрөтүн социалдык баракчаларга же жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгарып, мактанган учурлары дагы кездешет. Албетте, алардын бул аракеттери үй жаныбарларын коргоо максатында жасалып жаткан иш катары бааланышы мүмкүн. Ал эми мыйзамда жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылуу үчүн жоопкерчилик каралганбы? Бул суроого жооп издеп, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин барактадык.
Жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 163-беренесинде каралган. Берененин 1-бөлүгүндө:
жаныбарлардын денесин оорутуу жана (же) азап тарттыруу максатында аларга ырайымсыз мамиле жасоо, ошого тете анын өлүмүнө же жаракат алышына алып келген бейбаштык же пайда көрүү ниети менен ошого тете кыйноо, — кырктан жүз саатка чейин коомдук иштерге же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазалана турганы көрсөтүлгөн.
Ушул эле берененин 2-бөлүгүндө ошол эле жосун:
1) бир нече жаныбарларга карата;
2) адамдардын тобу тарабынан;
3) садисттик ыкмаларды колдонуу менен;
4) он төрт жашка толо элек баланын катышуусунда;
5) жалпыга маалымдоо каражаттары же Интернет тармагы аркылуу ачык көрсөтүү менен, — жасалса,
жүздөн үч жүз саатка чейин коомдук иштерге, 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына жазалана турганы белгиленген.
Жаныбарларга ырайымсыз мамиле жасоо адамгерчиликтин мыйзамына дагы сыйбайт. Кыргыздын эң байыркы элдик дастандарынын бири – “Кожожаш” эпосун ким укпаган жана чыгарманын өзөгүндө жаныбарларга аяр мамиле кылуу ар бир инсан үчүн парыз экени жөнүндө идея камтылат. Андыктан, ар бир кыргызстандык жаран жаныбарларга аяр мамиле жасоону унутпасак.
Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы тарабынан даярдалды.