Атап айтканда, Жогорку соттун судьялары Нурманбет Эшалиев, Нурбек Эсеналиев 17-апрелден 25-апрелге чейин Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын, Кочкор жана Жумгал райондук сотторунда, Нарын шаардык сотунда жана Нарын облустук сотунда болуп, жарандык жана экономикалык иштер боюнча практикалык жана методикалык жардам көрсөтүштү.
Ошондой эле, Жогорку соттун судьясы Тыныбек Бекешов 21-23-апрель күндөрү жогоруда аталган сот мекемелеринин судьялары менен жолугуп, кылмыш жаза иштери жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча практикалык жана методикалык жардам көрсөттү.
Өз кезегинде Административдик иштер боюнча практикалык жана методикалык жардам көрсөтүү максатында Нарын облустук сотуна жана Нарын облусунун жергиликтүү сотторуна Жогорку соттун судьялары Болотбек Акматов, Нурсейит Арапбаев жумушчу сапары менен келишкен.
Жогорку соттун судьялары тарабынан иштердин өз мөөнөтүндө каралышы, соттук актылардын сапаты, аткарылышы жана статистикалык отчёттуулук боюнча маселелер каралды.