Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун басма сөз кызматынын маалыматына караганда,
Медербек Сатыев аталган аймакка иш сапарынын алкагында Ысык-Көл облустук сот тутумуна кирген шаардык, райондук жана административдик соттордун ар бири менен таанышып чыкты. Жыйынтыгында Каракол шаарынын Сот адилеттик үйүндө Ысык-Көл облустук, Каракол шаардык жана Административдик сотторунун жамааттары менен кеңейтилген жыйын өткөрдү.
Кеңешменин жүрүшүндө кенже жана техникалык кызматкерлердин эмгек акысынын төмөндүгү, судьялардын коопсуздугун камсыздоо, сот кызматкерлери үчүн кадрлардын жана техниканын жетишсиздиги, сот актыларынын аткарылышы жана башка маселелер көтөрүлгөн.
Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев сотторду материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча айтылган бардык көйгөйлөрдү чечүү үчүн тапшырмаларды берди.
Мындан тышкары, Жогорку соттун төрагасы судьялык корпуска соттук ишмердүүлүктө кезигип жаткан укуктук-ченемдик актылардагы карама-каршылыктарды четтетүү максатында жогорку сот органына өз сунуштарын киргизүү керектигин белгиледи.
Жогорку соттун төрагасынын кызматтык иш сапары Нарын облусунда улантылууда.
Сүрөттөр: Жогорку соттун Басма сөз кызматы