Жумгал райондук сотунун төрагасы К.Бектемиров аксакалдар сотунун өкүлдөрү менен жолугушууда Аксакалдар соттору жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча түшүндүрмө берип, алардын ишинин укуктук негиздерине токтолду.
Аталган мыйзамдын 6-беренесине ылайык, Аксакалдар соттору жарандардын арызы боюнча (тараптардын макулдугу менен) мыйзамдарда кылмыш-жаза жосунуна жана укук бузууларга кирбеген мүлктүк жана үй-бүлөлүк талаш-тартыштар боюнча иштерди карап, чече алышат. Ошондой эле, жергиликтүү соттор тарабынан жарандык процессуалдык мыйзамдарда каралган тартипте жиберилүүчү жарандык иштер боюнча иштерди (материалдарды) карашат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында жергиликтүү коомдоштук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан тиешелүү аймактардын чегинде белгиленген тартиптерди жана эрежелерди жарандар жана юридикалык жактар сактабаган фактылар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жиберүүчү материалдарды карашат. Мындан тышкары, укук бузууларды жалпы жана жекече алдын алууну жүргүзүүгө, социалдык чыр-чатактарды алардын келип чыгышынын баштапкы этабында жоюуга катыша алышат. Өз кезегинде, турак жай менчик ээлеринин шериктигинин жана турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн ортосундагы, ошондой эле, кошуналардын ортосундагы талаш-тартыштарды карап, чечүүгө укуктуу.
Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамы жөнүндө жеткиликтүү маалымат алышкандыгын белгилешти.